Мээрбек Мискенбаев эмнеге Финполицияга суракка чакырылды?

Автор -

Кыргызстан социал-демократтар партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолубаева партиянын мүчөсү, мурдагы депутат Мээрбек Мискенбаевге байланыштуу «Азаттыкка» маалымат берди.

Анын айтымында, Мискенбаев Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына (Финполиция) суракка кирип кеткен боюнча чыга элек.

«Саат ондордо Финполицияга суракка кирип кеткен. Адвокатынан тактасак, ал өзүнүн соттук процесси болгону үчүн Мээрбек Мискенбаев менен чогуу бара албай калыптыр. Мындан сырткары анын жардамчысы Амантур Жамгырчиевди үйүнөн алып кетишиптир. Бизге жеткен маалымат боюнча учурда Мискенбаев менен Жамгырчиевди беттештиргени (очная ставка) жатыптыр. Биз абалга көз салып турабыз, жагдайга карап билдирүү жасашыбыз мүмкүн», – деди Жолдубаева.

Бөлүшүү