Бирдиктүү депозиттик эсепке 95 миллион сом которулду

Автор -

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы) (мындан ары — ЭККМК) бирдиктүү депозиттик эсепке кезектеги 95 миллион 748 миң 549 сом өлчөмүндө акча которду.

Маалыматка ылайык,  85 млн. 684 миң 405 сом “Акнет” ЖЧК интернет-провайдерине карата козголгон кылмыш ишинин алкагында өндүрүлдү.

Тергөө ишинин жүрүшүндө салыктык текшерүүлөрдүн натыйжалары алынган, ага ылайык укук бузуулар аныкталган. Белгилей кетүүчү нерсе, аталган компания штаттык шартта ишин улантып жатат, ЭККМКнын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлгөн тергөө иш-аракеттери  калкка көрсөтүлүп жаткан кызматтардын иштөөсүнө жана сапатына  эч кандай таасир этпейт, ошентсе да мурун коомчулукта ЭККМКнын органдары аталган интернет-провайдеринин иштөөсүнө мыйзамсыз “рейдерлик” кылды жана саясий жүйөсүз кийлигишти деген сыяктуу ушактар активдүү тараган, булар коомчулукту адаштырууга алып келген жана чындыкка туура келген эмес.

Азыркы убакта ЭККМК тарабынан кылмыш ишин толук, ар тараптуу жана  объективдүү иликтөөгө багытталган бардык зарыл болгон тергөө  иштери жүрүп жатат.

Бүгүнкү күндө, ЭККМК тарабынан Бирдиктүү депозиттик эсепке которулган акча каражаттарынын жалпы суммасы  370 миллион 687 миң 965 сомду түздү.