Эркинбек уулу Эмилбек Эсептөө палатасынын аудитору кызмат ордунан бошотулду

Автор -

Бүгүн, 30-январда Жогорку Кеӊеш жыйынында Эркинбек уулу Эмилбекти Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудиторунун кызмат ордунан бошотуу жөнүндө маселе каралды.

Аталган маселе боюнча Бюджет жана финансы боюнча комитеттин төрагасы Эмил Токтошев баяндама жасап, өз каалоосу менен жазган арызынын негизинде кызмат ордунан бошотулуп жаткандыгын белгиледи.

Жыйынтыгында Эркинбек уулу Эмилбекти Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудиторунун кызмат ордунан бошотуу жөнүндө Жогорку Кеӊештин токтому кабыл алынды.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү