Латвияда «Россия» телеканалын көрсөтүүгө тыюу салынды

Автор -

Латвиянын Электрондук ММКлар боюнча улуттук кеңеши (NEPLP) үч ай «РТР-Россия» телеканалын алып көрсөтүүгө тыюу салды. Орусиялык канал улут аралык жек көрүүчүлүктү козутууга айыпталууда.

NEPLP төрагасынын орун басары Иварс Аболиньш бул чечимди: «Латвия Кремлдин пропагандасына чыдабайт. Биз маалымат айдыңын коргоп келгенбиз жана коргой беребиз», деп түшүндүрдү.

Мыйзам бузуулар «Вечер с Владимиром Соловьёвым» жана «60 минут» көрсөтүүлөрүндө аныкталган.

Мекемеге кайрылган эксперттер бул программалар Украина жарандарына карата жек көрүүчүлүк сезимдерди козутууда деп эсептешет.

2015-жылы Литва дагы «Рен ТВ Балтия» телеканалын үч айга көрсөтүүгө тыюу салган. Комиссия бул телеканалдын «Теория заблуждений» программасынан “согуш жана жек көрүүчүлүктү тутантуу белгилерин” тапканын ырастаган.