4-февралдан 10-февралга чейин Өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Автор -
276

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкө аймагында 4нөн 10-февралга чейин күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

4-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл жана Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

 5-февралда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаап, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан карга айланышы күтүлөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

5-февралдан 7-февралга чейин туруксуз аба-ырайы күтүлөт, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаап, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан карга айланышы күтүлөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

6-февралдан 9-февралга чейин абанын температурасы кескин төмөндөп: Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -17…-22°, күндүз -6…-11°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -8…-13°, күндүз -1…-6°, тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн -13…-18°, күндүз -3…-8°, Ысык-Көл ойдуңунда  түнкүсүн -7…-12°, күндүз 0…-5°, Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында -13…-18°, күндүз 0…-5°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -28…-33°, күндүз -12…-17°, бийик тоолуу райондордо жана Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -33…-38°, күндүз -13…-18° суук болушу күтүлөт.

9-10-февраль күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы өзгөрүлүп турат.

«Мындай туруксуз суук аба-ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат. Катуу жаан жааган убакта унаа жолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, автоунаалардын кыймылдоосун кыйындатат«,-деп айтылат маалыматта.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү