5-февралга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Автор -
229

5-февралда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаап, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан карга айланышы күтүлөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй жана Талас облустарында түнкүсүн -1…-6, күндүз 1…6,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 0…-5, күндүз 3…8,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…5,

Нарын жергесинде түнкүсүн -18…-23, күндүз -5…-10,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -23…-28, күндуз -10…-15 градус болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Түнкүсүн температура -3…-5, күндүз 7…9 градус болот.

Бөлүшүү