Астанада өрттөн каза болгон 5 бала жерге берилди (видео)

Автор -
8768

Астанада дүйшөмбүгө караган түнү өрттөн каза болгон беш бала жерге берилди. Аларды акыркы сапарга узатуу зыйнатына жүздөгөн адам катышты.

4-февралга караган түнү Астананын Шынгыстау көчөсүндөгү жеке турак-үйдө өрт чыгып, анын чатыры кулап түшкөн. Өрт жайылган аянт 30 чарчы метрди түзгөн.

Өзгөчө кырдаалдар комитетинин маалыматы боюнча жалын кабар түшкөндөн кийин бир саттын ичинде толук өчүрүлгөн. Өрт өчүрүү кызматкерлери урандылардын арасынан беш баланын сөөгүн табышкан. Алардын эң кичүүсү бир жашта болсо, улуусу 13 жашта болгон.

Өрт тутанган учурда бир тууган балдар үйдө өзүлөрү эле болушкан. Балдарын жоготкон ата унаа оңдоочу жайда иштейт. Апасы болсо үч күн мурда эле пластик карталарын өндүрүү заводуна жумушка орношкон.

Бөлүшүү