Мыйзамсыз ташылып келинген тамеки продукциясы Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалыма кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, “Түштүк-Батыш” бажысынын кызматкерлери тарабынан Ош областынын “Достук” районунда А.С. аттуу жарандын башкаруусундагы “ДЭУ Калос” үлгүсундөгү автоунаа токтотулуп текшерилип, Германияда өндүрүлгөн акциздик маркасы жок 4000 пачка “Compliment” маркасындагы тамеки продукциясы табылган.
Кармалган автоунаанын айдоочусу А.С. ЕАЭБтин бажы аймагына тамеки продукциясын мыйзамдуу ташып келе жаткандыгын тастыктаган бажыга тийиштүү бир дагы документ көрсөтө алган эмес.
Кармалган товардын орточо базар баасы 240000 сомду түзөт.
Бул факт “Түштүк-Батыш” бажысынын кылмыштарды каттоо журналына каталып, чогултулган материал Ош облустук прокуратурасына Кылмыштар жана жоруктар бирдиктүү реестрине каттоо үчүн жана мыйзамга ылайык чара көрүүгө өткөрүлүп берилди.