Ысык-Көлдө ылдамдыгы секундасына 28 метрге жеткен катуу шамал катталды

Автор -
209

ӨКМдин маалымат кызматына ылайык, 6-февраль күнү саат  16:00 чамасында Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарында ылдамдыгы секундасына 15-28 метрге жеткен катуу шамал катталган.

Шамалдын кесепетинен «Чолпон-Ата суу канал» муниципалдык ишканасынын профнастил менен жабылган чатырынын 185 чарчы метрдин учурган.

«Учурда жеринде Жарандык коргонуунун комиссиясы тарабынан тактоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Кошумча маалымат берилет»,-деп айтылат маалыматта.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү