Казак өкмөтү көп балалуу бүлөлөргө батир салуу үчүн каражат издейт

Автор -

Казакстандын индустрия жана инфраструктуралык өнүгүү министри Женис Касымбек үйү жок көп балалуу бүлөлөргө көбүрөөк турак-жай курууну сунуштады. Ал бул маселени өкмөттүн жыйынында козгой турганын белгиледи.

«Биз дал ушундай үй-бүлөлөргө турак-жай куруу үчүн кошумча каражат издеп жатабыз. Эгер жыл сайын 700 батир салынып келсе, азыр анын санын эки-үч эсеге көбөйтүү керек»,-деди Женис Касымбек.

Касымбек “Нурлуу жер” мамлекеттик программасы аркылуу көп балалуу үй-бүлөлөргө ижарага берилчү үйлөрдү салуу зарылдыгын айтты. Учурда 28 миң үй-бүлө убактылуу турак-жай үчүн кезекте турат.

Буга чейин көп балалуу аялдардан турган жүздөгөн киши Астананын борборуна чыгып, жашоо шартын жакшыртууну талап кылган.