Караколдо 18 жаштагы мектеп окуучусунун сөөгү табылды

Автор -

Караколдо 18 жаштагы мектеп окуучусунун сөөгү табылды. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ИИБ билдирди.

Маалыматка ылайык, 12-февралда саат 8:23 милицияга унаа базардын жанында мектеп окуучусунун сөөгү жаткандыгы тууралуу кабар келген. Маркумдун жанынан канга боёлгон таяк табылган.

«Каза болгон өспүрүм, Каракол шаарынын 18 жаштагы тургуну Д. Б экендиги, № 5-мектептин 11-классында окугандыгы аныкталган. Маркумдун ата-энесинин айтымында, уулу 12-февраль түнү үйдөн чыккан бойдон кайра келген эмес»,-деп айтылат маалыматта.

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголду. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү