Кыргызстан бактериологиялык каражаттарды колдонууга тыюу салуу жөнүндө Женева протоколуна кошулат

Автор -

Бүгүн, 13-февралда Жогорку Кеӊештин жыйынында “1925-жылдын 17-июнунда Женева шаарында кол коюлган Согушта тумчуктуруучу, уулуу же ушул сыяктуу башка газдарды жана бактериологиялык каражаттарды колдонууга тыюу салуу жөнүндө протоколго Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу” мыйзам долбоору каралды.

Мыйзам долбоорун Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин төрагасы Исхак Пирматов алып чыкты.

Женева протоколуна кошулуу менен бактериологиялык (биологиялык) агенттерди жана курал катары ууларды колдонуу мүмкүнчүлүгүн толугу менен жок кылуу долбоордун максаты болуп саналат.

Женева протоколу ага кол койгон жана ратификациялаган же толугу менен кошулган мамлекеттерге гана өзүнүн жобосун аткарууну милдеттендирет. Бул протокол согушта тумчуктургуч, уулуу же ушул сыяктуу башка газдарды жана бактериологиялык каражаттарды колдонууга тыюу салган, маанилүү юридикалык жактан милдеттендирген көп тараптуу инструмент болуп саналат. Анын мааниси Бактериологиялык (биологиялык) жана уулуу куралдарга тыюу салуу жөнүндө конвенция контекстинде алганда өтө маанилүү.

Бөлүшүү