19-февралга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Автор -

19-февралда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз 2…7;

Таласта түнкүсүн -3…-8, күндүз 2…7;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -4…+1, күндүз 3…8;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…5;

Нарында түнкүсүн -14…-19, күндүз -4…-9;

Бишкек шаарында түнкүсүн жана эртең менен кар жаайт, күндүз жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4°, күндүз 4…6° жылуу болот.

Бөлүшүү