Быйыл дыйкандар үчүн кайсы дан азыктарын айдоо пайдалуу болору маалым болду

Автор -
701

Ушу тапта өлкөнүн айрым аймактарында жазгы талаа жумуштары башталып калды. Кыргызстандык дыйкандар үчүн быйыл чечевица, гречка, соя сындуу дан азыктарын айдоо кыйла пайдалуураак болот. Бул тууралуу айыл чарба министри Нурбек Мурашев Жогорку Кеӊештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүгүү боюнча комитет Жогорку Кеӊештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүгүү боюнча комитетинде «Айыл чарбасын каржылоо – 7» долбоору каралып жатканда билдирди.

«Дүйнөлүк рынокто пахтанын баасы өсө баштады. Ошондон улам, быйыл пахта айдоо аянты 2200 гектарга көбөйтүлдү. Темекинин аянты да 1 миӊ гектарга көбөйгөнү турат. Ал эми картошканын аянты 3200 гектарга азаят, анткени өткөн жылы Казакстан менен Россияда анын түшүмдүүлүгү жогору болгондуктан, баасы төмөндөп кеткен», — деди ал.