Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкө аймагында 19нан 23-февралга чейин күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.
19-февралда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.
19-февралда күндүз жана 20-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.
20-февралда күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Нарын, Ысык-Көл облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.
21-февралда көпчүлүк аймактарда кар жаашы, Чүй, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда катуу кар жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
22-февралда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. 22-февралда күндүз жана 23-февралда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
24-25-февралда Кыргыз Республикасынын аймагында күтүлгөн аба-ырайынын жакындатылган болжолдоосу
24-25-февралда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы жогорулайт.
Бишкек шаарында күтүлгөн аба-ырайы
19-февралда түнкүсүнкар жаашы күтүлөт. 19-февралда күндүз жана 20-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
20-февралда күндүз жана 21-февралдамезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14 метрге жетиши күтүлөт.
Ош шаарында күтүлгөн аба-ырайы
19-февралда түнкүсүн кар жаашы күтүлөт. 19-февралда күндүз жана 20-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.
20-февралда күндүз жана 21-февралда мезгил-мезгили менен жаан, кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.