Тармактык комитет Ош облусунда көчмө жыйын өткөрүүдө

Автор -

Бүгүн, 18-февралда Жогорку Кенештин социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо комитети Ош облусунда көчмө жыйын өткөрүүдө.

Көчмө жыйындын алкагында комитет мүчөлөрү Алай, Ноокат районунун бир катар социалдык мекемелерди кыдырууда.

Алгач депутаттар тобу Алай районунун Таш-Коро айылында жайгашкан О.Адишев атындагы орто мектебине барып, окуучуларга берилип жаткан ысык тамактын сапаты менен таанышышты.

Белгилүү болгондой БУУнун азык-түлүк программасы менен райондогу бир нече мектептерде балдарга ысык тамак берүү жакшырган. Берилүүчү тамак-аштын тизмеси көбөйүп, сапаты да өзгөргөн. Мектептерге атайын заманбап ашкана жабдыктары сатылып берилип, жергиликтүү бийлик, ата-энелер тарабынан да көмөкчү чарбалар уюштурулган. Натыйжада, азык-түлүктүн айрым түрлөрү жеринде камсыздалууда.

Кошумчалай кетсек, көчмө жыйынга аталган комитеттин депутаттары Гүлкан Молдобекова, Жанарбек Акаев, Каныбек Иманалиев, Садык Шер-Нияз, Алмазбек Токторов, Айнуру Алтыбаева, Евгения Строкова, Өмүрбек Бакиров жана Сагынбек Келдибаев катышууда.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү