КТРКнын башкы директорлугуна талапкердин аты-жөнү маалым болду (Видео)

Автор -

Коомдук телерадиокорпорациясына башкы директорлугуна жалпысынан 22 адам документин тапшырды. Анын алкагында үч талапкер сынакка катышуу укугунан ажыратылды. Ал эми дагы ону кошумча документ алып келүүгө милдеттендирилди.

Талапкерлердин үчөө – Бөлөкбай Шеримбеков, Жылдыз Муслимова, Элдар Аттокуров – документтери толук болбогондуктан кийинки турга өтпөй калышты.

Дагы он талапкер саясий партияга мүчө эмесмин деген кепилдик каты жок экени айтылып, үч күн аралыгында ошондой кат алып келүүгө милдеттендирилди.

Эске салсак, КТРКнын башкы директору 4 жылга шайланат. Шайлоо үч этап менен өтөт. Экинчи тур 28-февралда өтөт. Ал эми шайлоо жабык добуш берүү менен өтөт.

Талапкердин тизмеси:

  • Илим Карыпбеков
  • Каарманбек Кулуев
  • Сюита Соурбаева
  • Ибрагим Нуракун уулу
  • Адил Турдукулов
  • Малика Курманова
  • Жайнак Үсөн уулу
  • Эркинай Эшанкулова
  • Замирбек Казакбай уулу
  • Мирбек Мурзабеков
  • Мирлан Самыйкожо
  • Алим Токторов
  • Ишен Айтмамбетов
  • Болотбек Тиллебаев
  • Абдихалил Ахматов
  • Сураган Босумбаев
  • Дүйшөк Мамбетөмүров
  • Куттумидин Базаркулов
  • Галина Байтерек

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү