Бишкек-Кара-Балта автожолунун курулушуна 1 млн сом жумшалат

Автор -

Бишкек-Кара-Балта автожолунун ар чакырымынын курулушуна болжол менен 1 млн 600 миӊ сом жумшалат. Бул тууралуу транспорт жана жол министри Жанат Бейшенов Жогорку Кеӊештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинде автомобиль жолдорунун абалы жана автомобиль жолдорун реконструкциялоо жана куруу боюнча ратификацияланган мыйзамдардын ишке ашырылышы тууралуу маалымат угулуп жатканда билдирди.

Жыйын жүрүшүндө депутат Тынчтыкбек Конушбаев Бишкек-Кара-Балта жолунун курулушу качан аяктай турганына жана ал азыр эмне себептен токтоп турганына кызыкты. Анын пикиринде, кыштын аякташын күтпөй эле, жол нугун даярдоо иштерин жүргүзө берсе болмок.

Министр техникалык талаптарга ылайык кыш мезгилинде жол курууга болбойт. «Алдын ала түзүлгөн графикке ылайык, бул жолдун курулушу 2020-жылдын күз мезгилинде аяктайт», — деген жообун берди ал.

Андан тышкары, «Түндүк-Түштүк» жолунун курулушу графиктен бир аз кечигип жатканы белгилүү болду. Министр күн жылыса жолдун курулушу тездетиле турганын белгиледи.

Бөлүшүү