Индия Пакистандагы террорчуларга абадан сокку урду

Автор -

Индиянын Аскер-аба күчтөрү 26-февраль күнү эртең менен Кашмирдин Пакистанга таандык бөлүгүнө сокку урду.

Расмий версиялар боюнча Индиянын Аба-аскер күчтөрүнүн «Мираж 2000С» үлгүсүндөгү 12 учагы «Жаиш-е-Мухаммад», «Хизбул Муджахиддин» жана LeT террордук топторунун лагерлерине миң килограммдык бомбаларды таштады.

ANI агенттиги билдиргендей, Балакот, Чакоти жана Музаффарабад лагерлери соккудан улам толугу менен жок болду. «Мухаммед Армиясы» көзөмөл-өткөрмө бекети дагы талкаланды.

Чабуулдан кийин адам ресурстарын өнүктүрүү министри Пракаш Жавадекар бул өлкөнү коргоо үчүн зарыл кадам болгонун билдирди.

Кийинчерээк Индиянын тышкы иштер министри Виджай Гокхале жоочулар Индия аймагында жаңы чабуулдарды жасоону пландашканын, буга байланыштуу алардар озунууга туура келгенин айтты. Ал согушкерлер кол башчылары менен бирге мерт болгонун кошумчалады.

Пакистан өкүлдөрү Индиянын аскер учактары Пакистандын аба мейкиндигин бузуп, Кашмирдеги токтойго сокку урганын тастыктады. Бирок лагерде жок кылынган жоочулар же өлгөндөр тууралуу маалымат беришкен жок.

Британиянын үстөмдүгү аяктаган 1947-жылдан бери Пакистан менен Индия мусулмандар басымдуулук кылган аймактын айынан чатакташып келатышат. Кашмир кошуналар ортосунда бөлүнгөнү менен ар бири ал жерди толугу менен өзүнүкү деп эсептейт. Эки өлкө эгемендик алгандан бери Кашмир үчүн кеминде эки жолу согушкан.

Бөлүшүү