Келчи жазым: Март айында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Автор -
245

Кыргызгидромет өлкө аймагында март айында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында;

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1-1,5 градус жогору болуп, термометр + 4…+7ни, ал эми Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо +1…+3тү көрсөтөт. Ай ичинде көпчүлүк күндөрү түнкүсүн -0…-5, +2…+7 градус, күндүз +8…+13 градустан +15…+20 градуска чейин жылышы күтүлөт. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага (Чүй өрөөнүндө 43-56 мм, тоо этектериндеги райондордо 30-52 мм) жакын болору кабарланды.

 Талас облусунун дыйканчылык аймактарында;

 Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1-1,5 градус жогору болуп, +3…+5ке жетет. Марттын башында аба түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…5 градустун тегерегинде болуп салкындары айтылды. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 0…-5 градус сууктан 1…6 градус жылуулукка чейин, күндүз +7…+12ден +14…+19 градуска чейин өзгөрүшү күтүлөт. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болору айтылды (35-37 мм).

 Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында;

Абанын айлык орточо  көрсөткүчү климаттык нормадан 1-1,5 градус жогору болору айтылды. Жалпы аймакта +7…+9 градус, тоо этектериндеги райондордо +3…+5 градус болот. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-5 градус сууктап, күндүз +1…+6 градуска көтөрүлөт. Ай ичинде аба түнкүсүн 0…5 градустан 6…11 градуска чейин, күндүз 10…15 градустан 16…21 градус жылый турганы айтылды.

Тоо этектериндеги түнкүсүн -2 … +3 градустан +4…+9га чыгаары, ал эми күндүздү +7…+12 градус жылуулуктан +13…+18 болору күтүлөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан (26-91 мм, тоо этектериндеги райондордо 34-122 мм) арбын болору айтылды.

Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында;

 Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…1,5 градус жогорулап, натыйжада 2…4 градус жылуу болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -2…-7 градус сууктан +1…+6 градуска жетсе, күндүз 0…+5 градустан +6…+11ге көтөрүлөрү айтылды.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага (5-16 мм, чыгышында 29-35 мм) жакын болору кабарланды.

  Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында;

 Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…1,5 градус жогору болуп, натыйжада 0…+2 градус, ал эми Кочкор районунда +1…+3 градус болушу күтүлөт.

Абанын эң төмөнкү температурасы түнкүсүн -6…-11 градус, күндүз 0…5 градус жылуу болушу айдын биринчи жарымында күтүлөт. Марттын экинчи жарымында күн жылып, түнкүсүн 0…-5, күндүз +3…+8, Кочкор районунда +10…+15° болору айтылды.

 Алай өрөөнүндө;

 Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакындап -7…-9 градус суук болору айтылды. Абанын температурасы түнкүсүн -7…-12ден тарта -15…-20га чейин жетет, күндүз -3…-8 ден жогорулап 0…+5 градуска чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан (32-34 мм) арбын болушу күтүлөт.

 Суусамыр өрөөнүндө;

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…1,5 градус өйдө көтөрүлүп, -7…-9 градус болушу күтүлөт. Айдын биринчи он күндүгүндө аба сууктап, түнкүсүн -18…-23, күндүз -1…-6 градус болушу күтүлөт. Айдын экинчи жарымында абанын температурасы түнкүсүн -3…-8 градуска, күндүз +3…+8 градуска чыгышы күтүлөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан (23-25 мм) көп түшөрү айтылды.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү