Ногоев Москва районунун мамлекеттик администрация башчысы – акими болуп дайындалды

Автор -

Ногоев Омур Арстанбекович Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Москва районунун мамлекеттик администрация башчысы – акими болуп дайындалды.

Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү