Google, Facebook жана Twitter убадаларын аткарбаганы үчүн сынга кабылды

Автор -

Google издөө кызматы жана Facebook менен Twitter социалдык түйүндөрү такталбаган маалыматтарга каршы күрөшүү боюнча убадаларын аткарбай жатышат. Бул тууралуу Еврокомиссиянын 28-февралдагы билдирүүсүндө айтылат.

Мекеменин ырасташынча, Facebook макулдашууларга карабастан, жаңылтууга алып келген жарнамалар боюнча иликтөөлөрдүн жыйынтыгын көрсөткөн эмес. Google жалган маалыматтардан арылуу үчүн кандай иш жасалганын түшүндүргөн жок. Twitter жарнамаларды жайгаштырууну көзөмөлдөөнү жакшыртуу боюнча жыйынтыктарды берген эмес.

Билдирүүдө Европарламенттеги шайлоонун алдында компанияларда эч кандай жылыш байкалбай жатканы айтылган.

2018-жылы күзүндө Евробиримдик такталбаган маалыматтарга каршы күрөшүү боюнча Facebook, Twitter жана Google менен ыктыярдуу регламент түзгөн. Документте саясий рекламаларга атайын белги коюу, туура эмес маалыматтарды тараткан интернет-ботторго каршы күрөшү каралган.

Бөлүшүү