4-мартка карата аба ырайы тууралуу маалымат

Автор -

4-мартта айрым аймактарда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз 7…12;

Таласта түнкүсүн 0…-5, күндүз 6…11;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…5, күндүз 8…13;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 4…9;

Нарында түнкүсүн -11…-16, күндүз -2…-7;

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы: түнкүсүн 0…2°, күндүз 10…12° жылуу болот.