11-мартка аба ырайы тууралуу маалымат

Автор -

11-мартта түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жана тоо кыркаларында бир аз кар жаайт. Күндүз жаан-чачын болбойт. Тоолуу райондордо жолдорго муз тоңот, кар көчкү түшүү коркунучу бар.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…+4, күндүз +9…+14,

Талас жергесинде түнкүсүн -3…+2, күндүз +6…+11,

Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн 1…6, күндүз +10…+15,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -3…+2, күндүз +4…+9,

Нарын аймагында түнкүсүн -9…-14, күндүз -1…+4,

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн 1…3, күндүз +11…+13 градус болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

Бөлүшүү