Айнура Султанбаева ээлеген кызматынан бошотулду

Автор -

Айнура Султанбаева КР Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Султанбаева Айнура Жолдошбековна башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду.

Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү