Казакстанда көп балалуу үй-бүлөлөр үчүн турак жай курууга каражат бөлүндү

Автор -

Көп балалуу үй-бүлөлөргө ижарага бериле турган турак-жайларга жана жеңилдетилген насыя берүүгө 100 миллиард теңге бөлүндү. Бул тууралуу 12-мартта Астанадагы өкмөттүн отурумунда биринчи премьер-министр Алихан Смаилов билдирди.

Смаиловдун айтымында, Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев “Нур Отан” партиясынын съездинде айткан социалдык камкордук чараларын ишке ашырууга 444,3 миллиард теңге бөлүнөт.

Анын ичинен 100 миллиард аз камсыз үй-бүлөлөр үчүн турак-жайларды курууга, 224,3 миллиард айрым категориядагы жарандарды социалдык колдоого алууга, 90 миллиард аймактык инфраструктураны өнүктүрүүгө, 30 миллиард теңге “Айыл – Эл бешиги” долбоорун колдоого жумшалат.

Казакстанда көп балалуу энелер өткөн айдан бери баш калаа Астанада жана өлкөнүн бир нече аймактарында нааразылык акцияларын уюштурушту. Алар жөлөкпулду көбөйтүүнү, көп балалуу үй-бүлөлөрдү турак жай менен камсыз кылууну жана башка бир катар көйгөйлөрдү чечип берүүнү талап кылышкан.

Бул нааразылык акциялары 4-февралга караган түнү Астанада жер үйдөн чыккан өрттөн ата-энеси жумушта болгон учурда беш бир тууган кыз каза тапкандан кийин башталган.

Бөлүшүү