АКШнын Финансы министрлигинде Орусия боюнча стратегиялык бөлүм түзүлдү

Автор -

АКШнын Финансы министрлиги Терроризмге каршы күрөшүү жана каржы чалгыны башкармалыгынын курамында Орусия боюнча стратегиялык бөлүм түздү.

Маалыматка караганда, жалпысынан мекеменин алдында бул сыяктуу алты бөлүм ачылып, алардын баары тең эң жогорку приоритеттеги маселелерди чечүүгө багытталган.

АКШнын финансы министринин терроризмге каршы күрөшүү жана каржы чалгыны боюнча орун басары Сигал Манделкердин айтымында, Орусиядан тышкары Түндүк Корея, Иран, «Ислам мамлекеттик» тобу, виртуалдык валюта, адам укуктары жана коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча «стратегиялык таасир этүү бөлүмдөрү» түзүлдү.

АКШ администрациясы буга чейин санкциялык тизмелерге Орусияга байланышкан 270тен ашык жеке жана юридикалык жактарды киргизген. Орусияга каршы алгачкы санкциялар 2014-жылы Крымдын аннексияланышына жана Москванын Украина чыгышындагы жаңжалга кийлигишүүсүнө байланыштуу АКШ жана Европа биримдигине мүчө өлкөлөр тарабынан киргизилген.

2018-жылы Батыш өлкөлөрү Орусиянын АКШдагы шайлоого ыктымал кийлигишүүсү жана Сергей Скрипалдын ууландырылышына байланыштуу Москвага карата жаңы санкцияларды киргизиши мүмкүндүгүн билдиришкен.

«Ошону менен катар биз санкцияларды кыйгап өтүүгө тиешеси бар орусиялык компанияларга дагы чектөөлөрдү киргизүүнү караштырып жатабыз. Алсак, Түндүк Корея боюнча программабыздын алкагында орусиялык банкка санкция киргиздик. Сирия жана Иран боюнча программалардын алкагында санкциялык тизмеге Орусиянын Энергетика министрлигинин туунду компания киргизилди»
деп билдирди финансы министринин орун басары.
Бөлүшүү