20-мартта Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын тоо этектеринде жаан жаап, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +14…+19;
Таласта түнкүсүн +1…+6, күндүз +14…+19;
Ош, Жалал-Абад, Баткен областарында түнкүсүн +5…+10, күндүз +13…+18;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -3…+2, күндүз +6…+11;
Нарын облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +4…+9;
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +2…+4, күндүз +16…+18. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. жетет.