АКШнын Тажикстандагы жаңы элчиси Жон Марк Поммершайм 18-мартта Душанбеде өткөн басма сөз жыйынында америкалык дипломатиялык миссия кыргыз-тажик чек арасындагы абалга көз салып жатканын билдирди.
18-мартта кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча эки тараптуу сүйлөшүүнүн жыйынтыгы менен Баткендин Ак-Сай айылынан буулуп турган Ворух-Исфара жолу жана Лейлек району менен Баткен шаарын туташтырып турган Ош-Исфана жолу ачылган.
Ал ортодо Кыргызстандын Башкы прокуратурасы 13-мартта башталган чек арадагы чыр боюнча жети кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүшкө алынганын билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, иштер «Массалык башаламандык», «Карактоо», «Улуттук белгисине карата адамга кол салуу» сыяктуу беренелер менен каралууда.
Тергөөнү Тажикстан менен Кыргызстандын ортосунда түзүлгөн бириккен тергөө тобу жүргүзөт.
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал 13-мартта чыгып, 14-мартта да уланган. Андан кыргыз тараптан үч адамга ок тийип, тажик тараптан эки адам өлүп, бир нече киши жарадар болгону кабарланган.