“Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясы “Супер-Инфо” гезитин колдоп чыкты

Автор -
342
«Бийлик Кыргызстандагы эң көп нускалуу “Супер-Инфо” гезитин кысымга алууга киришти. Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат жасалма айыптар менен гезит жетекчилерин тынымсыз суракка чакырып, басым көрсөтүп жатат. Бул сөз эркиндигин кысымга алууга жана калктын ар тараптуу маалымат алуусуна жол бербөөгө тете көрүнүш»
деп билдирди аталган мекеменин маалымат кызматы.

Алардын айтымына ылайык, бийликтин бул аракети Кыргызстандын Баш мыйзамы болгон Конституциянын 31-беренесинин 1,2-бөлүмүнө, 33-беренесинин 1-бөлүмүнө карама-каршы келет. Буга жол берилбеш керек!

“Бүтүн Кыргызстан” партиясы бийликтен сөз эркиндигин камсыздоону жана өлкөдөгү эң көп нускалуу гезитти кысымга алууну токтотууну талап кылды.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү