26-мартка карата аба ырайы тууралуу маалымат

Автор -

26-мартта жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 19…24,

Талас жергесинде түнкүсүн 1…6, күндүз 18…23,

Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн 4…9, күндүз 20…25,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -1…+4, күндүз 12…17,

Нарын аймагында түнкүсүн -1…-6, күндүз 11…16 градус болот.

26-мартта Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 3…5, күндүз 21…23 градус жылуу болот.

Белгилей кетсек, буга чейин ӨКМдин басма сөз кызматы 1-апрелге чейин күтүлгөн аба-ырайы тууралуу маалымат тараткан.

Өлкө аймагында 1-апрелге чейин күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат