Өлкө аймагында 1-апрелге чейин күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Автор -

ӨКМдин басма сөз кызматы 26нан 30-мартка чейин Кыргыз Республикасынын аймагында күтүлгөн аба-ырайы тууралуу маалымат таратты.

26-мартта жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге чейин жетет.

27-мартта Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын тоо этектеринде жаан жаап, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Ысык-Көл облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

28-мартта Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын каттуу жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

29-30-мартта көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы  секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

 31-мартта жана 1-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы жогорулайт.

Бишкек шаарында күтүлгөн аба-ырайы

26-мартта жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге чейин жетет.

27-мартта жаан-чачын күтүлбөйт. 28-мартта мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Ош шаарында күтүлгөн аба-ырайы

26-мартта жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге чейин жетет.

27-мартта жаан-чачын күтүлбөйт. 28-мартта мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге чейин жетет.