Индияда 18 метрлик кудукка түшүп кеткен наристе куткарылды (Видео)

Автор -

Индияда адамдар 1 жаштагы баланы 18 метрлик кудуктан тирүү сактап калышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 12 айлык бала 18 метрлик кудукка түшүп кеткен.  Наристени сактап калуу үчүн куткаруучулар 2 күн иштешкен. Алар кудукка видеокамера түшүрүп, баланын абалынан кабар алып турушкан.

Алар наристени кудукка жакын турган өтмөк аркылуу кирип, куткарып калышкан.

Бактыга жараша наристе оор жаракат алган эмес. Аны дароо эле ооруканага жеткиришкен. Дарыгерлер баланын абалын туруктуу деп баалашууда.

Бөлүшүү