Владимир Путиндин келишине Бишкектин негизги көчөлөрү убактылуу жабылат. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 28-мартында Владимир Путиндин мамлекеттик расмий сапарынын алкагында Бишкек шаарынын негизги көчөлөрүндө жана Чүй областынын жолдорунда 27-28 март күндөрү мезгил мезгили менен убактылуу чектөөлөр киргизилмекчи.
[ads-quote-center cite=’деп айтылат маалыматта’]«Аталган иш-чаранын, биздин мамлекет үчүн маанилүү экендигин эске алып, убактылуу чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылып, транспорт каттамдарын алдын ала пландаштыруу керек экендигин эсиңиздерге салабыз» [/ads-quote-center]