Владимир Путиндин келишине Бишкектин негизги көчөлөрү убактылуу жабылат

Автор -

Владимир Путиндин келишине Бишкектин негизги көчөлөрү убактылуу жабылат. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 28-мартында Владимир Путиндин мамлекеттик расмий сапарынын алкагында Бишкек шаарынын негизги көчөлөрүндө жана Чүй областынын жолдорунда 27-28 март күндөрү мезгил мезгили менен убактылуу чектөөлөр киргизилмекчи.

«Аталган иш-чаранын, биздин мамлекет үчүн маанилүү экендигин эске алып, убактылуу чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылып, транспорт каттамдарын алдын ала пландаштыруу керек экендигин эсиңиздерге салабыз»
деп айтылат маалыматта

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү