Аба ырайы: Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт

Автор -
478

28-мартта Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын каттуу жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 13…18,

Талас жергесинде түнкүсүн 4…9, күндүз 13…18,

Баткен облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 14…19,

Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 6…11, күндүз 14…19,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 0…5, күндүз 10…15,

Нарын облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 9…14 градус болот.

Бишкек шаарында күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 6…8°, күндүзгү жогорку температурасы 15…17 градус болот.

Бөлүшүү