Кара-Балта шаарында 52 жаштагы киши газга ууланып каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, көп кабаттуу үйдөн өрт чыгып үй буюмдары күйгөн. Өрттүн кесепетинен 1967-жылы туулган Б.С.аттуу эркек киши түтүнгө ууланып каза болгон.
Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.