Кыргызстандын аймагында 28-30-марттарда туруксуз аба ырайы күтүлөт

Автор -

Кыргызстандын аймагында 28-30-марттарда туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт

Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир райондордо секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.

Ошондой эле ушул күндөрү күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында дарыялардагы суунун деңгээли кескин көтөрүлүшү күтүлөт, тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Бөлүшүү