29-мартка карата аба ырайы тууралуу маалымат

Автор -

29-мартта көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы  секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 16…21,

Талас жергесинде түнкүсүн 4…9, күндүз 15…20,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 5…10, күндүз 17…22,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 1…6, күндүз 10…15,

Нарын облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 10…15 градус болот.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 8…10°, күндүзгү жогорку температурасы 18…20 градус болот.