Украинадагы президенттик шайлоодо актёр Владимир Зеленский алдыда келатат

Автор -
247

Украинадагы президенттик шайлоонун биринчи айлампасында куудул жана актер Владимир Зеленский алдыда келатат. Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматы боюнча бюллетендердин 43 пайызы эсептелип бүткөндөн кийин ал 30,2 пайыз, учурдагы президент Петр Порошенко 16,7 пайыз добуш алды.

БШК шайлоо олуттуу мыйзам бузууларсыз өткөнүн билдирди.

Экзитполлдордун маалыматына караганда, Зеленский 30 пайызга жакын добуш алды. Өлкөнүн учурдагы президенти Петр Порошенкого шайлоочулардын 17-19 пайызы добуш берген. Оппозициялык «Батькивщина» партиясынын лидери Юлия Тимошенко шайлоочулардын 14 пайызга жакынынын добушун алды.

Украинада президенттик шайлоонун биринчи айлампасы 31-мартта өттү. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча добуш берүүгө шайлоочулардын 63 пайызы катышты. Добуш берүү Украинадан тышкары дагы 72 өлкөдө өттү. Ошол эле маалда Орусияда, аннексияланган Крым менен орусиячыл жикчилдердин көзөмөлүндөгү Донбасстын аймагында шайлоо өткөн жок.

Президенттик шайлоонун экинчи айлампасы 21-апрелге белгиленген.

Зеленский 1+1 телеканалында көрсөтүлүп жаткан «Эл кызматчысы« сериалында катардагы мугалимден президенттикке чейин жеткен башкы каармандын образын жаратып келет.

Добуштарды эсептөөгө онлайн режимде өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын сайты аркылуу көз салып турса болот.

 

Бөлүшүү