6-апрелге карата аба ырайы тууралуу маалымат

Автор -

6-апрелде көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан катуу жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 12…17,

Талас жергесинде түнкүсүн 3…8, күндүз 12…17,

Баткен облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 14…19,

Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 6…11, күндүз 14…19,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 2…7, күндүз 10…15,

Нарын облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 10…15 градус болот.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 7…9°, күндүз 15…17° жылуу болот.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү