Бишкекте белгилүү актриса Жаркын Балыкбаеваны акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө

Автор -

Бишкек шаарындагы Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук драма театрынын алдында белгилүү актриса Жаркын Балыкбаеваны акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө.

Белгилей кетсек, 6-апрелде Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, белгилүү актриса Жаркын Балыкбаева 77 жашында Бишкектеги ооруканалардын биринде көз жумган.

Анын сөөгү Бишкектеги «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюларын буга чейин Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдирген эле.

Министрликтин маалыматына ылайык, актриса бөйрөк оорусунан жабыркап жүргөн.

Ал «Айыл өкмөтү», «Боз салкын», «Чиркин өмүр», «Апамдын махабаты», «Белгисиз маршрут» тасмаларына тартылып, театр сахнасында да бир топ образдарды жараткан.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү