Дарига Назарбаеванын президенттик шайлоого катышуу планы жок

Автор -

Казакстан сенатынын спикери Дарига Назарбаеванын быйыл 9-июнга белгиленген президенттик шайлоого катышуу планы жок. Бул тууралуу Назарбаеванын жардамчысы Сауле Мустафаевага таянып Tengrinews.kz сайты жазды.

«Жок, Дарига Нурсултановнанын талапкерлигин коюу планы жок»
деп билдирген Мустафаева.

9-апрелде Казакстандын убактылуу президенти Касым-Жомарт Токаев мамлекеттик телеканалдар аркылуу элге кайрылып, өлкөдө мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү чечимин кабыл алганын билдирген.

Дарига Назарбаева 20-мартта сенаттын спикерлигине шайланып, өлкөдөгү экинчи саясий адамга айланган. Анын талапкерлигин буга чейин сенаттын төрагасы кызматын аркалап келген жаңы президент Касым-Жомарт Токаев сунуштаган.

Бөлүшүү