12-апрелде көпчүлүк аймактарда маал-маалы менен жаан жаайт, айрым жерлерде күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 6…11, күндүз 14…19,
Таласта түнкүсүн 5…10, күндүз 13…18,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 5…10, күндүз 12…17,
Ошто, Баткенде, Жалал-Абадда түнкүсүн 7…12, күндүз 17…22,
Нарында түнкүсүн 4…9, күндүз 13…18,
Бишкек шаарында жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 7…9°, күндүз 17…19° болот.