15-апрелде түнкүсүн жамгыр жаабайт, күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу аймактарда кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 20…25;
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -4…+1, күндүз 10…15;
Талас облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 19…24;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 8…13, күндүз 22…27;
Ысык-Көл, Нарын облустарында түнкүсүн 2…7, күндүз 17…22;
Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 9…11°, күндүз 23…25° болот.