Май айында кандай аба ырайы күтүлөт? синоптиктер жооп берди

Автор -
271

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкө аймагында май айында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында; 

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…2º жогору болуп, 17…19° жылуу, Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо 12…14° жылуу болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 6…11° жылуулуктан12…17° жылуулукка чейин, күндүз 18…23° жылуулуктан 25…30° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 1…6° жылуулуктан7…12° жылуулукка чейин,абанын күндүзгү температурасы 15…20° жылуулуктан 23…28° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан аз болушу күтүлөт (Чүй өрөөнүндө 53-73  мм, тоо этектериндеги райондордо 89-91 мм).

 Талас облусунун дыйканчылык аймактарында;

 Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…2º жогору болуп, 15…17° жылуу болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 3…8° жылуулуктан9…14° жылуулукка чейин, абанын күндүзгү температурасы 17…22° жылуулуктан 24…29° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан аз болушу күтүлөт (44-50 мм).

 Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында;

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп 17…19°, тоо этектериндеги райондордо 14…16° жылуу болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 6…11° жылуулуктан12…17° жылуулукка чейин, күндүз 19…24° жылуулуктан 26…31° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 4…9° жылуулуктан10…15° жылуулукка чейин өзгөрүлүп, абанын күндүзгү температурасы 15…20° жылуулуктан 23…28° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү өрөөндөрдө нормага жакын, тоо этектериндеги райондордо нормадан арбын болушу күтүлөт (35-82 мм, тоо этектериндеги райондордо 53-155 мм).

 Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында;

 Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп,  11…13° жылуу болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын түнкү температурасы  2…7º жылуу тегерегинде болуп, абанын күндүзгү температурасы 9…14° жылуулуктан 16…21° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (26-37 мм, чыгышында 37-80 мм).

  Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында;

 Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп 11…13º жылуу болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын түнкү абанын 3…8° жылуу тегерегинде болуп, кээ бир күндөрдө түнкүсүн жана эртең менен Ат-Башы районунда 0…-2° жеткен үшүк жүрүшү мүмкүн (үшүк жүрүшү ыктымалы 40-60% түзөт), абанын күндүзгү температурасы 13…18° жылуулуктан 21…26° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан аз болушу күтүлөт (28-53 мм)

 Алай өрөөнүндө;

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп 2…4º жылуу болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын түнкү температурасы  0…-5° суук,  абанын күндүзгү температурасы        -2…7° жылуулуктан, 10…15º жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан аз болушу күтүлөт (62-64 мм).

 Суусамыр өрөөнүндө;

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп, 7…9° жылуу болушу күтүлөт.

Абанын температурасы ай ичинде түнкүсүн 0…-5° сууктан, 1…6° жылуулукка чейин, күндүз 13…18° жылуулуктан 20…25° жылуулукка чейинөзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (39-41 мм).