18-апрелге карата аба ырайы тууралуу маалымат

Автор -

18-апрелде Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 19…24,

Талас жергесинде түнкүсүн 4…9, күндүз 18…23,

Баткен облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 21…26,

Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 5…10, күндүз 21…26,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 2…7, күндүз 14…19,

Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 15…20 градус болот.

Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 8…10°, күндүз 16…18° болот.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү