Ошту Матраимовдор, Таласты Жумабековдор башкарабы?

Автор -
336

Талас областык милициясынын башчысы, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековдун бир тууганы Алмаз Жумабековго жергиликтүү калк нааразы болуп жатыптыр.

2016-жылы Алмаз Жумабеков менен Ильяс Касымбаев Талас областык милициясынын жетекчиси болууну талашып калышат. Жыйынтыгында Касымбаев жетекчи, Жумабеков анын орун басары болуп дайындалат. 2017-жылы Дастан Жумабеков төрага болгон соң, анын бир тууганы Алмаз жетекчисинин үстүнөн ар кандай жалаа жаап жүрүп аны кызматан алдырып, өзү жетекчи болот.

Ильяс жетекчи болуп турган кезинде ар кандай гранттык акчаларды таап келип, көп балалуу милиция кызматкерлерине үй салдырып берген. Ал эми Жумабеков ушул күнгө чейин өзүнүн коллективине жарытылуу жардам берген эмес.

Агасы ЖК төрагасы болгондугу үчүн ал Талас шаарынын ардактуу атуулу деген наам алган. Жергиликтүү тургундар кандай эмгегине алды деп азыркыга чейин түшүнө албай убара болушууда.

Таластын губернатору Марат Мураталиев кандай иш-чараларга барбасын Алмаз Жумабековду жанына альш жүрөт экен.

Таластыктар Ошту Матраимовдор, Таласты Жумабековдор «рулит» этип калды деп сөз кылышууда. Деги тууганчылык деген стереотиптен кутулбадыкко.

Булак: «Ачык саясат плюс». №14 (357), 19-апрель, 2019-жыл.

Бөлүшүү