Суракматовдун кулагы чыккан тендер чыры…

Автор -
374

Бишкек мэри Азиз Суракматовдун карачечекей кайын атасы Конститутциялык соттун судьясы,кадимки Курмантай Абдиев экенин көпчүлүк жакшы билбесе керек. Абдиев Теӊизбай уруусунун аксакалы. Ажо дагы ушул уруудан.

Суракматов коомчулук тарабынан катуу сынга кабылып, иштей албай жатканы айтылган менен бийликтен реакция болбой жатканынын төркүнү ушул жакта жатат.

Мына жакында мэр «Электронное билетирование» деп аталган тендер өткөрдү. Бул деген, эл шаардагы коомдук транспорттрдо электрондук билет сатып алып жүрүшөт дегенди түшүндүрөт. Ушул маселе боюнча өткөрүлгөн тендерге үч компания катышып, «Шанхай Шенту» компаниясы бардык талаптарды аткарып, бир билет үчүн 52 цент сунуштап утуп чыгат. Бирок мэрия ал компанияны четке суруп, 72 цент сунуштаган швейцариялык ВРС Banking Technologeis компаниясын жеӊүүчү кылып туруп, кийин нааразычылык чыкпасын деген ниетге 72 цент деп көрсөтүлгөн бааны 49 цент деп оӊдоп коюшкан.

Коррупция жыттанат бекен?.. Президент болсо айтып койгула деп издеп жүрөт…

Булак: «Фабула » гезити. 19-апрель, 2019-жыл.

Бөлүшүү