«Нур» деген партия Кыргызстанга нурун чачабы?

Автор -
348

2000-жылы аймактык «ит оору» менен У. Сыдыков, К. Бакиев, Досбол Нур уулу, И. Исаков, М. Зулпиев жана башкалар «Жаӊы Кыргызстан» деген саясий партия түптөшкөн. 2005-жылы К. Бакиев бийликке келгенден кийин, тегерегиндегилердин, бир туугандарынын таасири менен, өзүн бийлик сересине алып келген «Жаӊы Кыргызстан» партиясынан чыгып, эки жылдан кийин, (бир айдын ичинде эле) 2007-жылы жеке өзүнө гана көз каранды болгон «Ак-Жол» партиясынын түптөп жиберип, парламентке 60 тан ашуун депутаттарды алып келип койгон.

Азыр Кыргызстанда партия түзүү «бука куугандай, кунаажын туугандай» эле көрүнүш болуп калды. Башкысы калтаӊ калыӊ болсо болду. Нрава, мораль, акыйкат, абийр дегендер экинчи үчүнчү жана андан аркы катарга сүрүлүп калбадыбы? Мунун баарына башкы себепкер бийлик төрүндө жүргөн «кесемдер» күнөөлүү.

Шайлоо демекчи, минтип парламенттик системаны куруп атабыз деп дуулдап жаткан заманда бийликчин негизги рычагын, контролдук пакетин алуу үчүн парламенттен канчалык кеп мандат алсаӊ ошого жеткениӊ.

Билермандарыбыз аны сонун түшүнүп турат. Буюрса, жакынкы күндөрдөн тарта эл үчүн кара жандарын да «аябай» турган, алды уялбай этпей эле асмандагы айды да алып « берчү» « мыктылар» сайрай баштайт.

Азыр деле эл оозунда айтыла баштады, Сооронбай Жээнбеков аны бийликтин бийик төрүнө алып келген КСДПга болгон кез карадылыктан толук арылуу үчүн ал кишинин аты «официалдуу» айтылбаса да бийликчил партия жана аны капталдарынан сүрөгөн клон партиялар алдыдагы парламенттик шайлоого карата тымызын аракеттерди баштап жатканы туурасында. Себеби, адамдын дилин бийлик, мансап, ар түрдүү чөйрө  өзгөртөт.  «Адамды бийлик берип сына» деген кыргыз макалы бекер жерден жаралбаган.

Ушундайда белгилей кете турган нерсе  Сооронбай Жээнбековдун дилин өзгөртчү кландар таасири, араб фактору кийин баарыбызды жүдөтүп, дагы жаӊы ашууларды ашууга мажбур кылчудай. Ал эми тарыхы тереӊ КСДП ар убакта мына ушул маселеге көӊүл бөлүшү керек.

Эгерде алар өлкөнүн социалдык, демократиялык  багытта өнүгүшүнө чындап бел байлашса…

Булак: «Айгай пресс» гезити. №14(124) . 19-апрель. 2019-жыл.

 

Бөлүшүү